№19 шайлоо округундагы №7238 участогунда добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө арыз канааттандырылган жок
08 декабря 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 8-декабрда №19 шайлоо округунан талапкер Р.Акимжанованын ыйгарым укуктуу өкүлү М. Абдибаитовдун арызын карады.
Арыз ээси КР БШКга №19 шайлоо округунун №7238 участогунда добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө арыз менен кайрылган.
Арыз ээси 2025-жылдын 30-ноябрында №7238 участкалык шайлоо комиссиясында добуш берүүнүн жүрүшүндө айрым шайлоочулар бюллетень белгилегенден кийин аны сүрөткө тартып, добуш берүүнүн жашыруундугу бузулган деп билдирет. Бул жагдай боюнча акт түзүлгөн. Арыз ээси бул факты шайлоонун жыйынтыгына таасир этерин белгилеп, аталган УШКдагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну суранган.
Арызда көрсөтүлгөн фактылар боюнча Сокулук райондук ички иштер бөлүмү тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында КР Жазык-процесстик кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунун негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө процессуалдык чечим кабыл алынган, анткени көрсөтүлгөн окуя боюнча өлкө мыйзамдарында каралган кылмыштын курамы аныкталган эмес.
Ошондой эле, ОШК укук коргоо органдарынын материалдарын, УШКдан алынган актыларды, түшүндүрмөлөрдү жана добуш берүүнүн жүрүшү боюнча расмий байкоолорду карап чыгып, арызда келтирилген негиздер добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууга укуктук негиз түзбөйт деген тыянакка келген.
2025-жылдын 7-декабрында Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун отуруму М. Абдибаитовдун арызын карап чыгып, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматынын негизинде, арызды канааттандыруудан баш тартууну сунуштаган.
КР БШКсы, Жумушчу топтун сунушунун негизинде, шайлоо мыйзамдарына ылайык №19 шайлоо округундагы №7238 УШКда добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө М.Абдибаитовдун арызын канааттандыруудан баш тартты.
