КР БШК № 22 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти
07 декабря 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-декабрда № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, № 22 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.
№ 22 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Бекешев Дастан Далабайевич – 17378 добуш 43,08 %;
- Ибрагимов Болот Адылбекович – 8128 добуш 20,15 %;
- Кожокулова Гуля Акматкуловна – 1214 добуш –3,01%;
№ 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 60 шайлоо участогу жана кошумча 2 аралыктан добуш берүү участогу ачылып, шайлоочулардын тизмесине 136 100 шайлоочу киргизилген.
Добуш берүүгѳ 40 758 шайлоочу, же 26,00% катышты. Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 35 386 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 26,00% түздү. 5372шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 3,95% түздү.
№ 22 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо КР БШКсы 16 талапкерди каттады, шайлоого 15 талапкер катышты.
№ 22 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 5-декабрындагы № 22 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Атанов Ирлан Азизович -247 добуш 0,61 %;
2. Мусуралиев Туратбек Абдиларисович - 260 добуш 0,64 %;
3. Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович – 3704 добуш 9,18 %;
4. Ибрагимов Болот Адылбекович – 8128 добуш 20,15 %;
5. Узакова Аида Орозалиевна – 904 добуш 2,24 %;
6. Бекешев Дастан Далабайевич – 17378 добуш 43,08 %;
7. Каниметов Самат Каниметович – 265 добуш 0,66 %;
8. Абдырахманов Кубанычбек Ишенкадырович –248 добуш – 0,61 %;
9. Бахшалиев Хансывар Рустамович – 112 добуш – 0,28 %;
10. Абсалиев Ахматали Садырбекович – 96 добуш – 0,24 %;
11. Досалиев Эльмир Акуналыевич – 6071 добуш 15,05 %;
12. Абдырахманов Сагынбек Уметалиевич – 257 добуш 0,64 %;
13. Кожокулова Гуля Акматкуловна – 1214 добуш –3,01%;
14. Осмонбетова Венера Кубанычбековна – 152 добуш – 0,38 %;
15. Каттоосу жокко чыгарылган;
16. Иманбек кызы Бактыгул – 305 добуш – 0,76 %;
17. “Баарына каршы” – 998 добуш (2,47%).
№ 22 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко 3 арыз (даттануу) келип түштү.
Ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди. Кабыл алынган чечимдер даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди.
КР БШКсы, № 22 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 5-декабрындагы № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.
№ 22 көп шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Бекешев Дастан Далабайевич, Ибрагимов Болот Адылбекович жана Кожокулова Гуля Акматкуловна таанылды.
