КР БШК: № 22 шайлоо округу боюнча шайлоо бюлеттендерин кайрадан эсептөө болбойт
05 декабря 2025
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 5-декабрдагы өзүнүн жыйынында № 22 шайлоо округу боюнча шайлоо бюлеттендерин кайрадан эсептөө тууралуу “Ынтымак” саясий партиясынын ыйгарымдуу өкүлү Н.М. Джумашовдун арызын карап, аны канааттандыруудан баш тартты.
Н.М. Джумашов №22 көп мандаттуу шайлоо округдун бардык участкалык шайлоо комиссияларында бюллетендерди кайрадан кол менен саноону өткөрүүнү жана добуштарды эсептөө аяктагандан кийин расмий жыйынтыктарды берүү жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылган.
2025-жылдын 3-декабрында Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун отуруму болуп, шайлоо участкаларында мыйзамдары бузууга тиешелүү далилдер жана белгилер аныкталбагандыгына байланыштуу арызды канааттандыруудан баш тартуу сунушталган.
КР БШК, Жумушчу топтун сунушун эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык “Ынтымак” саясий партиясынын ыйгарымдуу өкүлү Н.М. Джумашовдун арызын канааттандыруудан баш тартуу чечимин кабыл алды.




