ШКУ байкоочулар миссиясы Кыргыз Республикасында өткөн шайлоолорду ачык, эркин жана легитимдүү деп тааныйт
01 декабря 2025
Бүгүн, 2025-жылдын 1-декабрында, Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) байкоочулар миссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо процессин байкоонун жыйынтыктары боюнча билдирүү жасады.
«ШКУ байкоочулар миссиясы Кыргыз Республикасында өткөн шайлоолорду ачык, эркин жана легитимдүү деп тааныйт», – деп билдирди ШКУ байкоочулар миссиясынын жетекчиси, ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Пяо Янфань брифингде.
Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасында өткөн Жогорку Кенештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо ачык-айкын шартта, жарандык коомдун, аялдардын жана жаштардын активдүү катышуусу менен өттү, шайлоочулардын эркин жана өздүк тандоо жасашына шарттар түзүлгөн.
Миссиянын билдирүүсүнө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана өлкө тарабынан кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерге ылайык өткөрүлдү.
«Өлкөнүн шайлоо системасы өзүнө тийиштүү өзгөчөлүктөргө ээ, салттарга жана добуш берүү суверенитети принцибине таянат. Шайлоочулардын бул системага болгон жогорку ишеним деңгээли анын туруктуулугун жана коомдук саясий турмуштагы маанилүүлүгүн көрсөтөт», – деп белгиледи Пяо Янфань.
Пяо Янфань Кыргыз Республикасынын элин ШКУ байкоочулар миссиясынын атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, ШКУ байкоочуларынын ишмердүүлүгүн камсыздоодо көрсөткөн колдоосу үчүн КР БШКга, КР Тышкы иштер министрлигине жана башка мамлекеттик органдарга ыраазычылык билдирди.
Төмөндө ШКУ байкоочулар миссиясынын Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону байкоо жыйынтыктары боюнча билдирүүсүнүн толук тексти:
«Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (мындан ары – КР БШК) чакыруусу менен Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) байкоочулар миссиясы (мындан ары – Миссия) 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүүнү байкоо иштерин жүргүздү.
Эл аралык байкоочуларды чакыруусу Миссия тарабынан Кыргыз Республикасынын кезектеги парламенттик шайлоонун ачык-айкын, демократиялуу өткөрүлүшүн камсыз кылуу аракети катары баалайт.
1. Миссиянын курамы
Миссияга 18 байкоочу аккредитацияланган – шайлоо жана мыйзам чыгаруу органдарынын өкүлдөрү, ШКУнун мүчө-мамлекеттеринин дипломатиялык кызматкерлери, ошондой эле ШКУнун Катчылыгынын кызматкерлери.
Миссияны ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Пяо Янфань жетектеген.
Миссиянын курамына төмөнкүлөр кирген:
ШКУнун мүчө-мамлекеттеринен: Лукьянов Александр Сергеевич – Беларусиянын Улуттук Жыйынынын Республикалык Кеңешинин Эл аралык иштер жана улуттук коопсуздук туруктуу комиссиясынын мүчөсү, Жанабилова Асель Булатказыевна – Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Чэнь Дайвэнь – Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кеңешчиси, Чжоу Цзяньфэн – Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биринчи катчысы, Айша Шахид – Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ШКУ иштерине жооптуу департамент жетекчисинин жардамчысы, Новьюхов Александр Вячеславович – Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин сенаторы, Чернышов Борис Александрович – Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасынын орун басары, Шевченко Евгений Александрович – Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Булгакова Алёна Валерьевна – Россия Федерациясынын Коомдук палатасынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө жана коомдук көзөмөл боюнча комиссиясынын төрайымы, Михеев Игорь Евгеньевич – Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Төраганын орун басарынын катчылыгынын жетекчиси, Азизи Муистон Бердизода – Тажикстан Республикасынын Борбордук шайлоо жана референдум комиссиясынын мүчөсү, Хидирзода Махфират Умар – Тажикстан Республикасынын Борбордук шайлоо жана референдум комиссиясынын мүчөсү, Маматов Худоёр Тешаевич – Өзбек Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын катчысы, Хасанов Шавкатбек Хайбатуллаевич – Өзбек Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо мыйзамдары жана заманбап технологиялар боюнча Окуу борборунун директору, ШКУнун Катчылыгынан: Мирсаидов Миразиз Мирхамид угли – биринчи категориядагы эксперт, Глейзер Мирамгуль Адельбековна – биринчи категориядагы эксперт, Сабит Айнур Сериккызы – экинчи категориядагы эксперт.
2. Миссиянын ишмердүүлүгү
Миссия өз милдеттерин «ШКУ байкоочулар миссиясынын президенттик жана/же парламенттик шайлоолордо, ошондой эле референдумдарда иштөөсү жөнүндө» жобого ылайык аткарган, саясий бейтараптык, объективдүүлүк жана мамлекеттин ички иштерине кийлигишпөө принциптерин сактаган, Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына ылайык иштеген.
Шайлоого чейин жана добуш берүү күнүндө Миссиянын мүчөлөрү Бишкек, Кочкор, Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларындагы бир катар участкалык шайлоо комиссияларын барып, алардын шайлоого даярдыгына жана шайлоо процессине мониторинг жүргүзүштү.
Миссиянын башчысы жана мүчөлөрү КР БШКнын, Тышкы иштер министрлигинин жана эл аралык уюмдардын байкоочулары менен жолугушууларды өткөрүштү.
Чакырган тарап шайлоону даярдоо жана өткөрүүнү байкоо үчүн керектүү шарттарды түздү. Шайлоо тууралуу толук маалымат, кошумча маалыматтык материалдар берилди.
Миссиянын бардык жыйынтыктары жана корутундулары Миссиянын мүчөлөрүнүн байкоо жүргүзүүсүнүн жана Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөттүнөн мурда шайлоо күнүндө жана ага чейин топтолгон фактыларга негизделген.
3. Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүүчү мыйзамдык база
Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүүчү негизги мыйзамдык база Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамы, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү борбордук комиссиясы жөнүндө» конституциялык мыйзамынан турат, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы «Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыгы.
4. Шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессиндеги жаңылыктар
2025-жылдын 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу конституциялык мыйзамга кол койгон.
Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин 90 депутаты 30 көп мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система менен шайланат, ар бир округдан үч депутат шайланат.
Кандидаттарды көрсөтүү укугу саясий партияларга жана талапкерлерге берилет. Талапкерлерге талаптар күчөтүлгөн. Ошондой эле саясий партия ар бир көп мандаттуу округдан бир гана талапкерди көрсөтө алат, бир жыныстын өкүлчүлүгү 70 пайыздан ашпоосу зарыл.
Көп мандаттуу шайлоо округунда эң көп добуш алган үч талапкер шайланган деп эсептелет.
Эгер мурда кайтарылуучу күрөө колдонулуп, белгилүү шарттар аткарылганда талапкерге же партияга кайтарылып берилсе, азыркы учурда механизм өзгөртүлгөн.
Мындан тышкары, шайлоодо аралыктан добуш берүү системасы колдонулду. 27 аралыктан шайлоо участогу түзүлгөн. Аралыктан добуш берүү ыкмасы шайлоочулардын тизмесине кирген, бирок өзүнүн туруктуу катталган жерине келе албаган жарандар үчүн каралган.
5. Замандын талабына ылайык маалымат жана коомдук платформаларды колдонуу
Шайлоо процессин ар тараптуу чагылдыруу максатында КР БШКсы өзүнүн сайтын жакшыртып, комиссиянын бардык иш-аракеттери тууралуу маалыматты оперативдүү түрдө жарыялаган.
Добуш берүү күнү тууралуу шайлоочуларга SMS аркылуу кабар берүү максатында мобилдик байланыш колдонулду, бул 2025-жылдын 24-ноябрынан башталган.
Аймактагы комиссиялар менен маалымат алмашуу боюнча электрондук байланыш түзүлгөн.
КР БШКсы социалдык тармактарда төмөнкү барактарды ачкан:
Facebook – КР Борбордук шайлоо комиссиясы / Центральная избирательная комиссия КР
Instagram – tsik_kyrgyzstan
Telegram – КР БШК / ЦИК КР
YouTube – «ЦИК КР».
Миллиондогон шайлоочулар бул маалыматтар менен таанышкан.
Кезектеги шайлоону даярдоо процесси 20дан ашык жергиликтүү жана эл аралык маалымат сайттарында чагылдырылган.
«Кабар» улуттук маалымат агенттиги, «Эркин Тоо», «Кыргыз Туусу», «Слово Кыргызстана» гезиттери жана облустук, райондук гезиттерде («Ош Жаңырыгы», «Баткен Таңы», «Акыйкат», «Ысык-Көл кабарлары», «Талас байрагы», «Чүй баяны») «Шайлоо – 2025» атайын рубрикасы түзүлүп, өлкө боюнча шайлоого даярдык процесси үзгүлтүксүз чагылдырылган.
Республика жана облустук телеканалдарда, анын ичинде УТРК, ЭЛТР, Регион ТВ, 7-канал, New TV, Сереп Медиа, Номад ТВ жана алардын облустук бөлүмдөрүндө болжол менен 100 берүү жана сюжеттер эфирге чыккан.
Республика жана облустук радиоберүүлөрдө 50дөн ашык маалыматтык материалдар берилген. Мындан тышкары, аталган материалдар алардын социалдык тармактагы аккаунттарында жайгаштырылган.
6. Жогорку Кеңешке талапкерлер Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди каттоо 2025-жылдын 17-октябрында башталып, 7-ноябрда аяктаган.
КР БШКсы 467 талапкерди каттаган, алардын ичинен 276сы эркек жана 191и аял. Айрым талапкерлер өз каалоосу менен шайлоого катышуудан баш тартышып, шайлоого 460 талапкер катышкан, алардын ичинен 271и эркек жана 189у аял.
Шайлоого 25 жаштан жогору, жогорку билимдүү, мамлекеттик тилди билген жана Кыргыз Республикасында акыркы беш жыл бою туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алышат.
Жыл сайын 6 айга чейинки аралыкта өлкөдөн тышкары өндүрүштүк, илимий, кызматтык же башка зарылчылык себептери менен чет өлкөлөргө сапарга чыгуу мүмкүн.
7. Шайлоо алдындагы үгүт Шайлоо алдындагы үгүт иштери талапкерлер катталгандан кийин башталып, 2025-жылдын 29-ноябрында саат 08:00дө аяктаган.
Үгүт кампаниясын уюшкандыкта өткөрүү максатында КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин өткөрүү боюнча Нускама жана аймактык комиссиялар үчүн шайлоо алдындагы үгүт иштерин уюштуруу боюнча Колдонмо иштелип чыгып бекитилген.
Бардык талапкерлерге программаларын шайлоочуларга таратуусу үчүн тең укукта шарттар түзүлгөн.
Партиялар жана талапкерлер үчүн өлкө боюнча 337ден ашык шайлоо алдындагы үгүт аянтчалары даярдалган.
Мыйзамга ылайык, көп мандаттуу округдардагы талапкерлер үчүн мамлекеттик жана аймактык телерадио каналдарында берилчү акысыз эфир убактысы жумуш күндөрү кеминде 30 мүнөттүк түз эфирден турган.
Акысыз эфирдин жалпы көлөмүнүн жарымынан аз эмес бөлүгү талапкерлерге дебаттар жана башка ушуга окшош үгүт иш-чараларын биргелешип өткөрүүгө арналган.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары талапкерлерге жарандар менен жолугушууларды, коомдук дебаттарды жана талкууларды, митингдерди, демонстрациялар жана жүрүштөрдү уюштурууда жардам берип, массалык иш-чаралардын коопсуздугун камсыз кылышкан.
Ошондой эле, КР БШК көп мандаттуу округдардагы талапкерлер тууралуу маалыматтык плакаттарды округдар жана шайлоо участокторуна 10 миңден ашык нускада чыгарган жана жайгаштырган.
8. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттар Кыргыз Республикасы саясий жашоого катышууга жана эркин добуш берүүгө тоскоол болгон укуктук жана административдик тоскоолдуктарды этап-этабы менен жоюу чараларын көргөн.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 29-беренесине ылайык, шайлоо комиссиялары мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочуларды кабардар кылуу боюнча керектүү чараларды көргөн.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катталган талапкерлердин арасында 4 адам I жана II топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, 12 адам III топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар болгон.
КР БШКсы шайлоо процессин инклюзивдүү кылуу боюнча туруктуу саясат жүргүзүп, шайлоо жайларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылып, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам берүүчү атайын каражаттар менен жабдууну жүргүзгөн.
2492 шайлоо участокторун мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча, пандустар 2243 участокко (90,08%) орнотулган, 181 участокко пандусту орнотуу талап кылынбайт.
Мындан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын жакшыртуу боюнча жумушчу топ туруктуу негизде иштеген, ал КР БШКнын 2025-жылдын 30-сентябрындагы №10 чечими менен түзүлгөн.
Муктаждыктар картасына ылайык, мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын жалпы саны 17 346 адам.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына ылайык, үгүт материалдарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн кеминде 1% материал атайын форматта даярдалууга тийиш.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн болжол менен 2600 брошюра, 5000 плакат Брайль шрифтинде (эки тилде), 2500 трафарет жана 2600 шайлоо бюллетени чыгарылган. Маалыматтык видеолор субтитрлер же сурдо-котормо менен коштолгон.
2025-жылдын 30-ноябрындагы шайлоо даярдык жана өткөрүү маалында КР БШКсынын Call-борборунда 4 мүмкүнчүлүгү чектелген жаран иштеген. Ошондой эле «WhatsApp» мессенджери аркылуу шайлоочулар менен видео байланыш иштеген, анын жардамы менен угуу жана сүйлөө мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар өз суроолоруна кол кыймылдары тилинде жооп алган.
КР БШКнын расмий сайтында мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн атайын веб-баракча түзүлүп, үзгүлтүксүз жаңыртылып турган.
Мындан тышкары, шайлоо маселелери боюнча, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча окутуу семинары өткөрүлгөн.
Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын тизмелери алдын ала даярдалган. Участоктук комиссиялар аларга үйүндө добуш берүү уюштурган.
9. Добуш берүү үчүн даярдык иштери КР БШКнын 2025-жылдын 30-сентябрындагы №83 токтому менен «2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планы» бекитилген.
Бул пландын негизинде шайлоо процесси тууралуу маалымат берүү, көп мандаттуу шайлоо округдарын үзүү, аймактык шайлоо комиссияларын жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары шайлоо участкаларын түзүү иштери жүргүзүлгөн.
2025-жылдын 5-ноябрында КР БШКнын жыйынында чет өлкөлөрдө добуш берүүнү өткөрүү үчүн дагы 3 шайлоо участогун түзүү токтому кабыл алынган. Жаңы участкалар Казакстан Республикасынын Алматы, Тараз жана Шымкент шаарларында ачылган.
Ошентип, жалпысынан чет өлкөдө 34 мамлекеттин 89 шаарында 100 шайлоо участогу ачылган.
2025-жылдын октябрь айында мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын муктаждыктарынын карталары түзүлгөн. Ошондой эле округ жана участкалар боюнча жалпы шайлоочулардын тизмеси tizme.gov.kg мамлекеттик порталына жайгаштырылган.
Талапкерлерге, саясий партиялардын өкүлдөрүнө, ЖМКларга, укук коргоо органдарына жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына системалуу түрдө окутуу семинарлары өткөрүлгөн.
Атап айтканда, 2025-жылдын 15-октябрында КР БШКнын төрагасы блогерлер коомчулугунун өкүлдөрү менен жолукту жана мөөнөтүнөн мурдагы шайлоого даярдык тууралуу кеңири маалымат берген.
Шайлоону мыйзамдуу жана коопсуз өткөрүү максатында аны даярдоо жана өткөрүү учурунда бардык деңгээлде ыкчам чара көрүү координациялык топтор (КГОР) түзүлгөн, аларга шайлоо комиссияларынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирген.
Алардын негизги милдеттери: мүмкүн болуучу мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтарды үзгүлтүксүз түрдө чогултуу, шайлоо комиссиялары жана укук коргоо органдары аркылуу арыздар жана даттанууларды талдоо, ар бир аныкталган мыйзам бузуунун фактылары боюнча чара көрүү.
Ошондой эле, шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну көзөмөлдөө, ошондой эле талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддоруна түшкөн каражаттарды көзөмөлдөө жана алардын каржылык отчетторун текшерүү үчүн Көзөмөлдөө-текшерүү тобу түзүлгөн.
Жаштарды шайлоо процессине активдүү тартуу максатында билим берүү жана маалымат берүү иш-чаралары өткөрүлгөн. Чет өлкөдө окуган студенттер менен онлайн жолугушуулар уюштурулган.
10. Шайлоо күнү байкоо жүргүзүү 2025-жылдын 30-ноябрь - добуш берүү күнү Миссиянын мүчөлөрү 08:00дө шайлоо участкаларына келип, алардын ачылышына жана жабылышына катышкан.
Жогорку Кенештин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жүрүшү боюнча толук маалымат алуу максатында Миссия 110 шайлоо участогун кыдырган, анда талапкерлердин, коомдук уюмдардын, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын байкоочулары, ошондой эле ЖМКлардын өкүлдөрү болгон.
Шайлоо участокторун тандоо эл аралык байкоочулар тарабынан өз алдынча жүргүзүлгөн. Миссиянын мүчөлөрүнө шайлоо участокторун кыдырууга тоскоолдук жаралган эмес.
Миссия шайлоо күнүндө жарандардын добуш берүүдө жооптуу позициясын жана комиссия мүчөлөрүнүн кесипкөйлүк деңгээлин байкаган.
Шайлоо комиссияларынын ишмердүүлүгү квалификациялуу, ачык-айкын жана көз карандысыз мүнөздө болгон.
Бардык шайлоо участкаларында документтер жана маалыматтык-суроо китептери, байкоочулардын журналы, методикалык топтомдор, кезек графиктери, эвакуация схемалары жана башка документтер толук сакталган.
Бардык участкаларда медициналык пункттар уюштурулган.
ЖМКлар шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессин кеңири чагылдырган.
Шайлоо участктарында добуш берүү тынч жана уюшкандыкта, белгиленген тартипте, жергиликтүү, коомдук жана эл аралык байкоочулардын, ошондой эле ЖМКлардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Байкоо учурунда Миссиянын өкүлдөрүнө карата даттануулар жана сын-пикирлер болгон эмес.
11. Негизги жыйынтыктар Миссия Жогорку Кенештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо ачык-айкын шартта, жарандык коомдун, аялдардын жана жаштардын активдүү катышуусу менен, ошондой эле шайлоочулардын эркин жана өздүк тандоо жасашына шарттар түзүлгөндүгүн белгилейт.
Миссия Жогорку Кенештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана өлкө тарабынан кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерге ылайык өткөрүлгөнүн билдирет.
Миссия өлкөнүн шайлоо системасы өзүнө тийиштүү өзгөчөлүктөргө ээ, салттарга жана добуш берүү суверенитети принцибине таянат. Шайлоочулардын бул системага болгон жогорку ишеним деңгээли анын туруктуулугун жана коомдук саясий турмуштагы маанилүүлүгүн көрсөтөт деп белгилейт.
Миссия Кыргыз Республикасында өткөн шайлоолорду ачык, эркин жана легитимдүү деп тааныйт.
Миссия Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына, Тышкы иштер министрлигине жана ШКУ байкоочуларынын ишин камсыз кылууга көмөктөшкөн башка мамлекеттик органдарга ыраазычылык билдирет.
Миссия Кыргыз Республикасынын элин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, өлкөнүн көз карандысыздыгын бекемдөө, суверенитетти күчөтүү жана туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу багытындагы ишинде ийгилик каалайт.
Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясы Бишкек, 2025-жылдын 1-декабры”.






