КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров Армения Республикасынын БШК төрагасы Ваагн Овакимян менен жолугушту
29 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 29-ноябрда, Армения Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Ваагн Овакимян менен жолукту.
Т. Шайназаров кесиптешинин Кыргызстанга келип, көрсөтүп жаткан жеке колдоосун ыраазычылык менен белгиледи. Ал эртең боло турган шайлоодогу негизги жаңылыктар боюнча кенен маалымат берди. Аралыктан добуш берүү механизмине токтолуп, муну менен шайлоочулар, анын ичинде чет өлкөдө жүргөн жарандар, өз шайлоо укуктарын кайсы жерде жүрүшпөсүн, ишке ашыра алышарын белгиледи.
Армения Республикасынын БШК төрагасы Ваагн Овакимян өлкөдөгү жагымдуу маанайды белгилеп, шайлоо уюшкандыкта жана мыйзам чегинде өтөрүнө ишенимин билдирди.
Тараптар шайлоочулардын катышуусу, шайлоо процессинин уюштурулушу, шайлоо жабдууларын жаңылоо жана добуш берүүнүн ачык-айкындуулугун камсыздоо маселелери боюнча пикир алмашышты.
Жолугушуунун аягында комиссия төрагалары шайлоо технологиялары жана процедуралары жаатында тажрыйба алмашуунун, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун маанисин белгилешип, шайлоонун ийгиликтүү жана ачык-айкын өтүшүнө тилектерин билдиришти.





