КР БШКнын төрагасы Т.Шайназаров Беларусия жана Россия союзунун Парламенттик жыйынынын жана РФнын Мамлекеттик Думасынын делегациясы менен жолугушту

29 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 29-ноябрда, Беларусия жана Россия союзунун Парламенттик Жыйынынын жана Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарынан турган делегация менен жолукту.

Т. Шайназаров делегация мүчөлөрүнө шайлоого даярдык, шайлоо системасындагы негизги жаңылыктар, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторунун санын көбөйтүү боюнча кеңири маалымат берди.

Ал Россияда кошумча 15 шаарда шайлоо участоктору ачылганын белгилеп, бул Россиядагы  Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо укуктарын кеңири колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кыларын айтты.

Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын КМШ, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Константин Затулин Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарын реформалоо процессине жана заманбап технологияларды колдонуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге өзгөчө көңүл буруу менен байкоо салынып жаткандыгын айтты. 

Автоматташтыруу жана ачык-айкындык багытындагы жетишкендиктердин натыйжасында көптөгөн байкоочулардын катышуу зарылдыгы объективдүү түрдө азайганын, бирок эл аралык байкоо тажрыйбасы парламенттер аралык кызматташтыктын маанилүү элементи катары сакталып кала турганын белгиледи. «Биз Кыргыз Республикасындагы шайлоо мыйзам чегинде уюшкандыкта, тынч жана натыйжалуу өтөрүнө ишенебиз», — деди ал.

Беларусия Республикасынын Улуттук Жыйынын Өкүлдөр Палатасынын экология жана табигый ресурстар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Жанна Чернявская делегация эң жакшы тилектер жана көп ийгиликтерди күтүү менен келгенин белгиледи. «Биз шайлоодо колдонулуучу техникалык жагдайлар менен жакындан тааныштык. Алардын деңгээли чоң таасир калтырды, айрым элементтери биз үчүн кызыгууну жаратты», — деди ал.

Жолугушуунун аягында делегация мүчөлөрү шайлоонун ийгиликтүү өтүшүн каалашты.