КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров КМШ ПААнын делегациясы менен жолугушту
29 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 29-ноябрда, КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын (КМШ ПАА) делегациясы менен жолукту.
Тынчтык Шайназаров шайлоого даярдыктын жүрүшү, жаңы система боюнча добуш берүүнүн өзгөчөлүктөрү жана процесстин ачык-айкындуулугун камсыздоого багытталган чаралар тууралуу маалымат берди.
Ал эл аралык байкоочуларга алардын катышуусу жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, объективдүү мониторингдин маанилүүлүгүн баса белгиледи. БШК төрагасы өзгөчө көңүлдү шайлоочулардын катышуусуна буруп, мунун шайлоо процессиндеги маанилүүлүгүн белгиледи.
КМШ ПААсынын Кеңешинин катчылыгын жетекчиси – Башкы катчы Дмитрий Кобицкий Кыргызстандагы шайлоого даярдыктын жогорку деңгээлин белгиледи. «Техникалык чечимдер боюнча болобу, уюштуруучулук ыкмалардабы же мыйзам чыгаруудагы жаңы демилгелерде болобу, Кыргызстан ар дайым алдыда. Биз парламенттин шайланып келишин кызыгуу менен күтүүдөбүз жана шайлоонун ийгиликтүү, тынч өтүшүн каалайбыз», — деди ал.
КМШ ПААнын эл аралык байкоочулар тобунун координатору Ватанзода Махмадали билдиргендей, байкоо жүргүзүү үчүн КМШ ПААдан 36 өкүл — кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү байкоочулар келишти. Ал байкоо көпчүлүк участоктордо жүргүзүлөрүн айтып, добуш берүү тынч жана уюшкандыкта өтөрүнө ишенимин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө делегация мүчөлөрү чет өлкөлөрдө ачылган шайлоо участокторунун иши, жаңы жабдуулардын киргизилиши, үгүт учурундагы бузууларды каттоо тартиби жана арыз-даттанууларды кароо процедуралары боюнча бир катар суроолорду беришти.
КР БШКнын төрагасы бардык суроолор боюнча кеңири маалымат сунуштап, толук жана так жоопторду берди.
