Кыргызстанда добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү ѳтүп жатат

29 ноября 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 30 көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү өтүүдө.
Жалпысынан өлкө боюнча 2 492 участкалык шайлоо комиссиянын ичинен 1 324 шайлоо комиссиясына 10 329 арыз келип түшкөн.
Алардин ичинен:
•    жаш курагы боюнча – 3 511;  
•    майыптыгы боюнча – 2 134; 
•    ден соолугуна байланыштуу – 4 008;
•    айрым категориялардын өкүлдөрүнөн – 676; 

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү - добуш берүү күнүнө бир календардык күн калганда саат 08:00дөн 20.00гө чейинки аралыкта жана шайлоочунун добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде гана жүргүзүлөт.