КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров эл аралык байкоочулар үчүн мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоо тууралуу презентация өткөрдү
29 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 29-ноябрда, эртең 30-ноябрда өтө турган шайлоону байкоого келген эл аралык байкоочуларга мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоо тууралуу презентация өткөрдү.
Иш-чарага катышуучуларга кайрылуусунда Т. Шайназаров шайлоолордун өткөрүлүшү – мамлекеттин саясий системасынын туруктуулугун жана жарандардын эркин билдирүүсүн тастыктоочу ар бир мамлекеттин турмушундагы эң маанилүү окуялардын бири экенин белгиледи.
Ал КР БШКсы шайлоону өткөрүүгө даяр экендигин баса белгилеп, бардык күч-аракеттер шайлоо кампаниясын жогорку уюштуруучулук деңгээлде, ачык-айкын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жалпы таанылган демократиялык принциптерге толук шайкеш өткөрүүгө багытталгандыгын айтты.
Т.Шайназаров 2025-жылдын 25-сентябрында парламент өзүн-өзү таркатуу тууралуу чечим кабыл алгандан кийин Кыргыз Республикасынын Президенти 2025-жылдын 30-сентябрындагы Жарлыгы менен Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 2025-жылдын 30-ноябры, жекшемби күнгө дайындагандыгын эске салды.
Президент Жарлыгы менен КР БШКга:
- шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурууну;
- шайлоодо аралыктан добуш берүүнү колдонууну камсыз кылууну тапшырган.
КР БШКнын Төрагасынын сөзүнөн кийин иш-чарага катышкандар шайлоо мыйзамдарындагы өзгөчөлүктөр жана андагы жаңы нормалар тууралуу ж.б. суроолоруна жоопторун алышты.
Презентациянын толук тексти бул жерде: тиркеме




















