Жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

28 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 28-ноябрда жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ноокат, Өзгөн жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.

Жеке арыздарына ылайык жергиликтүү кеңештердин төмөнкү депутаттарынын ыйгарым укуктары токтотулду:

- Ноокат районунун Т. Кулатов айылдык кеңешинин (Ак-Чал №4 шайлоо округу) депутаты Эшимбаев Абсатар Көчкөнбаевич, 2025-жылдын 24-ноябрындагы арызына ылайык;

- Ноокат районунун Т.Кулатов айылдык кеңешинин (Арбыш-Сай №7 шайлоо округу) депутаты Боркош уулу Дамирбек, 2025-жылдын 25-ноябрындагы арызына ылайык;

- Өзгөн районунун Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Джалилов Азамжан Абдуллажанович («Эл Биримдиги» депутаттык фракциясы), 2025-жылдын 17-ноябрындагы жеке арызына ылайык;

- Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр-Тамчы айылдык кеңешинин (Тору-Айгыр №2 шайлоо округу) депутаты Төлөгөнов Эдил Байболотович, 2025-жылдын 30-октябрындагы арызына ылайык;

- Ысык-Көл районунун Садыр Аке айылдык кеңешинин (Григорьевка-2 №6 шайлоо округу) депутаты Сагымбаева Гулкайыр Токтойбаевна, 2025-жылдын 30-октябрындагы арызына ылайык.

Мындан тышкары, аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен жеке арызына ылайык катталган талапкер депутаттыка талапкерлердин тизмесинен чыгарылды:

- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр-Тамчы айылдык кеңеши боюнча Ишембеков Урмат Элчибекович (2025-жылдын 30-октябрындагы арызы).

Саясий партиялардын тизмеси боюнча бошогон мандаттар:

- Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаардык кеңешинде Камбаров Сайдулла Мамасабировичке берилди («Эл Биримдиги» саясий партиясы);

- добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын эң көп добушун алган төмөнкү шайланган депутаттарга берилди:

- Ош облусунун Ноокат районунун Т.Кулатов айылдык кеңеши (Ак-Чал №4 шайлоо округу) – Самидинов Тынчтыкбек Максыталиевичке;

- Ош облусунун Ноокат районунун Т.Кулатов айылдык кеңеши (Арбыш-Сай №1 шайлоо округу) – Исраилов Рашут Маматовичке;

- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр-Тамчы айылдык кеңеши (Тору-Айгыр №2 шайлоо округу) – Жумабеков Билги Жолдошбековичке;

- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр Аке айылдык кеңеши (Григорьевка-2 №6 шайлоо округу) – Акылбек уулу Нурланбекке.