КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров ЖККУ ПАнын делегациясы менен жолугушту
28 ноября 2025
Бүгүн, 28-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын Казакстан Республикасынын Парламентинин мыйзам чыгаруу жана сот-укуктук реформа комитетинин төрайымы, топтун координатору Снежанна Имашеванын жетекчилиги астындагы делегация менен жолукту.
Снежанна Имашева алдыда боло турган шайлоолордун ийгиликтүү өтүшүн каалап, алардын демократиялуу жана ачык-айкын өтөрүнө ишенимин билдирди. Ал ЖККУ ПА миссиясы шайлоону байкоо боюнча жетиштүү тажрыйбага ээ экенин жана шайлоо процессин толук байкоого даярдыгын белгиледи.
Тынчтык Шайназаров БШК шайлоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыздоого даяр экенин айтты. Бул багытта аралыктан добуш берүү, идентификациянын жаңы системасы жана автоматтык саноо жабдыктары колдонулары жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле ал чет өлкөдөгү шайлоо участокторунда кыргыз диаспораларын колдоо боюнча көрсөтүлгөн жардамы үчүн өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди. Бул Кыргызстандын чет өлкөдөгү жарандарына добуш берүү укугун толук ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
Делегация мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, БШК төрагасы аралыктан шайлоо участоктордун иши, кайрадан добуш берүү же башка мыйзам бузууга жол бербеген жаңы шайлоо жабдыктарынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берди.
Ошондой эле талапкерлерди каттоо, каттоодон баш тартуу же талапкерликти жокко чыгаруу тартиби толугу менен мыйзамга жана белгиленген критерийлерге ылайык жүргүзүлөрүн белгилеп, бул бардык катышуучулар үчүн бирдей шарттарды камсыз кылаарын баса белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар бири-бирине ийгиликтерди каалап, шайлоо тармагындагы кызматташууну мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин белгилешти.






