КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров КЭР ТИМинин делегациясы менен жолукту
28 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 28-ноябрда Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Европа жана Борбордук Азия департаментинин толук ыйгарым укуктуу министри Су Фанцю жетектеген делегация менен жолугушту.
Тынчтык Шайназаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча кеңири маалымат берип, алгачкы жолу жаңы шайлоо системасынын алкагында аралыктан добуш берүү жабдыктары колдонуларын белгиледи. Ал БШКнын негизги милдети - жарандардын шайлоого катышуусу үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүү экенин, бул алардын конституциялык укуктарын толук ишке ашырууга жана шайлоочулардын активдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.
КЭР ТИМинин делегациясынын жетекчиси алдыда боло турган шайлоону байкоого чакырылганы үчүн ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстандагы шайлоо процесси ачык, айкын жана демократиялык шартта өтөрүнө ишеним артты.
«Кытай менен Кыргызстан - кылымдар бою коңшу жашаган мамлекеттер. Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер терең тарыхый тамырга ээ. Акыркы жылдары эки өлкө башчыларынын жогорку деңгээлдеги жолугушуулары кызматташтыкка жаңы дем берди. Кытай ар дайым ишенимдүү өнөктөш, жакшы дос жана бир тууган бойдон калууда. Алдыдагы шайлоо - маанилүү саясий окуя, жана анын ийгиликтүү өтөрүнө ишенебиз», - деп белгиледи Су Фанцю.
Өз кезегинде Тынчтык Шайназаров Кытай Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү экенин, ал эми эки мамлекеттин жетекчилеринин ортосундагы ишенимдүү мамилелери мындан аркы кызматташуунун бекем негизин түзөрүн айтты.
КЭР ТИМинин делегациясынын жетекчиси ошондой эле кытайлык байкоочулар шайлоо күнү добуш берүүнүн жүрүшүн түздөн-түз участкаларда мониторинг кылышарын билдирип, алдыдагы шайлоолордун ийгиликтүү өтүшүн каалады.
