Үгүт шарттарын бузган эки талапкерге жана талапкердин ар намысына шек келтирген маалымат тараткан жаранга айып пул салынды

27 ноября 2025

КР БШКсына Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнөн № 3 шайлоо округунан талапкер Аматов Жаныбек Женишбековичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу материалдар келип түшкөн.

Ага ылайык, Instagram социалдык тармагындагы “amatovzhanybek” аттуу колдонуучунун баракчасында үгүт видео материалы жарыяланган, анда талапкер мечиттин аймагында шайлоочулар менен жолугушуусу аныкталган.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, ибадат кылуу имараттардын ичинде жана жанында үгүт иш-чараларын өткөрүүгө, үгүт материалдарын таратууга жол берилбейт.

Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ талапкер Ж.Аматовго карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 142-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.

Жумушчу топ социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнүн натыйжасында Instagram социалдык тармагындагы “bakyt_tentishev” аттуу колдонуучунун баракчасында жарыяланган фото жана видеоматериалдарга ылайык, № 8 шайлоо округунан талапкер Тентишев Бакыт Эркинович үчүн жайылтылып жаткан маалымат үгүт шарттарын бузуп жатканын аныктаган. Тактап айтканда, талапкердин кесиптик ишине же кызматтык (кызмат орду боюнча) милдеттерин аткаруусуна байланыштуу маалымат таратылып, мыйзамдагы талаптар бузулган.

Жумушчу топ талапкер Б.Тентишевге карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.

Ошондой эле Жумушчу топтун мониторингдин натыйжасында Facebook социалдык тармагындагы “Аська Кожомкулова” аттуу колдонуучунун баракчасында жарыяланган фото жана видеоматериалдарга ылайык, автор талапкер К.К. Самаковдун ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды таратып жаткандыгын аныктады. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкердин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген жалган маалыматтарды атайылап тараткан адамдар жазык же болбосо башка жоопкерчиликке тартылат.

Жумушчу топ Асыл Кожомкуловага карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66-беренесинде каралган 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.

КР БШКсы Жумушчу топтун сунушунун негизинде, шайлоо мыйзамдарын жетекчиликке алып, КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына № 3 шайлоо округунан талапкер Аматов Жаныбек Женишбековичке 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, № 25 шайлоо округунан талапкер Тентишев Бакыт Эркиновичке 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, ал эми талапкердин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды тараткандыгы үчүн жаран А.Кожомкуловага 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдетин жүктөдү.