КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого дагы 18 эл аралык байкоочуну аккредитациялады – бүгүнкү күнгө 788
25 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 25-ноябрда 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 18 эл аралык байкоочуну аккредитациялады.
КР БШКнын токтому менен эл аралык байкоочулар катары төмөнкү уюмдардын өкүлдөрү аккредитацияланды:
- Индия Республикасынын Шайлоолор боюнча комиссиясынын;
- Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин;
- Индонезия Республикасынын Ташкент шаарындагы Элчилигинин;
- Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин;
- Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин;
- Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлдөрү.
Ошону менен, бүгүнкү күнгө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого жалпысынан 788 эл аралык байкоочу аккредитацияланды.




