КР БШКсы талапкерди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн баш тартты

24 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынын өтүнүчүн карады.

Натыйжада, КР БШКсы Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты.

Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынан КР БШКсына 2025-жылдын 22-ноябрында № 30 шайлоо округунан талапкер Бейшеналы Нурдиновду жазык жоопкерчилигине тартууга, кармоого, камакка алууга же сот тартибинде салынуучу жаза чараларына макулдук берүү жөнүндө өтүнүч келип түшкөн.

Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгы билдиргендей, 2025-жылдын 30-октябрында Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бөлүгүндө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш иши тергелүүдө. Өтүнүч катта тергөө иш-аракеттерин жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө талапкер Б.Нурдинов жана анын жакын тууганы көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы аныкталган деп билдирилген. Тактап айтканда, Б.Нурдинов үчүт иш-чараларынын жүрүшүндө 45 000 сом акча каражаттарын С.Тайчыманов аттуу жаранга шайлоодо добуш алуу максатында берген деп жазылган.

Муну менен катар КР БШКсына 2025-жылдын 22-ноябрында талапкердин жубайы А. Касымбековадан 2025-жылдын 20-ноябрында С.Тайчымановго 45 000 сомду карызга берип, тил кат жаздырып алгандыгы тууралуу кайрылуу келип түшкөн.

Мындай жагдайда КР БШКсы тергөө иштерин кошумча ар-тараптуу жана объектидүү жүргүзүү үчүн өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты.