Шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузуу боюнча талапкерге, талапкердин ар-намысына шек келтирген жаранга айып пул салынды

24 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 24-ноябрда шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузган жана талапкердин ар намысына шек келтирген жаран боюнча маселени карады.
КР БШКга № 1 шайлоо округунан талапкер Набиева Асель Бухановнанын ыйгарым укуктуу өкүлү Набиева Аида Кадыралиевна арыз менен кайрылып, анда № 1 шайлоо округунан талапкер Темирбаева Миргул Омурзаковна Лейлек районунун Кулунду айылында баннерлерди алдын ала төлөмсүз илгендигин билдирген. Муну менен талапкер М.Темирбаева шайлоо мыйзамдарындагы “үгүт материалдарын тиешелүү шайлоо фондунан алдын ала акы төлөбөстөн даярдоого тыюу салынат” деген талапты бузган.
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу арызды карап чыгып, талапкер М.Темирбаевага Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.
КР БШКсы ошондой эле № 27 шайлоо округунан талапкер Дубанбаева Анар Сартбаевнанын арызын карады. Анда белгисиз жаран талапкер А.Дубанбаеванын ар намысына шек келтирген, чындыка дал келбеген провокациялык мүнөздөгү аудио-билдирүүнү WhatsApp тиркемеси аркылуу таратып жаткандыгы билдирилген.
Бул билдирүү боюнча Ак-Суу РИИБнин Тергөө кызматынын тергөөчүсү А.Турдакунов КР ЖПКнин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык кылмыштын курамы жок болгондуктан, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарып, билдирүүнү тараткан Алымбаев Самат Сталиковичтин (№ 27 шайлоо округунан талапкер Алымбаева Эльнура Сталиковнанын бир тууган агасы) аракеттерине укуктук баа берүү үчүн токтомдун көчүрмөсүн № 27 округдук шайлоо комиссиясына жөнөткөн.
КР БШКнын Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун отурумуна С.Алымбаев, талапкер А.С. Дубанбаеванын ыйгарым укуктуу өкүлү чакырылып, угулду.
Арызда көрсөтүлгөндөй, чындыкка дал келбеген, терс мааниде
А.Дубанбаевага карата багытталган аудио-билдирүүнү жүргүзгөн жана жайылткан С.Алымбаев экендиги аныкталып, ага карата КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66-беренесинде каралган 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунуштаган.
КР БШКсы Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун, Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун сунуштарынын негизинде, шайлоо мыйзамдарына ылайык, № 1 шайлоо округунан талапкер М.Темирбаевага үгүт шарттарын бузгандыгы үчүн 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, депутаттыкка талапкердин ар намысына шек келтирген С.Алымбаевге 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдетин КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жүктөдү.