КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого дагы 393 эл аралык байкоочуну аккредитациялады - бүгүнкү күнгө 770
24 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 24-ноябрда 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 393 эл аралык байкоочуну аккредитациялады.
БШКнын токтому менен эл аралык байкоочулар катары төмөнкү уюмдардын өкүлдөрү аккредитацияланды:
- Филиппин Республикасынын Шайлоолор боюнча комиссиясынын;
- Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Байкоочулар миссиясынын;
- Түштүк Кореянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин;
- Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин;
- Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин;
- Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин;
- Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин;
- Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин;
- Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Парламенттер аралык Ассамблеясынын;
- Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын;
- Шанхай Кызматташтык Уюмунун жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун;
- Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун өкүлдөрү.
Ошону менен, бүгүнкү күнгө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого жалпысынан 770 эл аралык байкоочу аккредитацияланды.
