КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдары катталды
21 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдарын каттады:
- № 28 шайлоо округу боюнча талапкер Дороев Азамат Кубанычбековичтин бир ишенимдүү адамы;
- № 22 шайлоо округу боюнча талапкер Абдрахманов Сагынбек Уметалиевичтин 2 ишенимдүү адамды;
- № 13 шайлоо округу боюнча талапкер Сыдыков Бактыбек Усеновичтин 3 ишенимдүү адамы;
- № 26 шайлоо округу боюнча талапкер Айтимбетова Айсулуу Курманбаевнанын 5 ишенимдүү адамы;
- № 15 шайлоо округу боюнча талапкер Абдибаева Айсаракан Нышановнанын 24 ишенимдүү адамы;
- № 10 шайлоо округу боюнча талапкер Омурзаков Сүйүнбек Абдылдаевичтин 3 ишенимдүү адамы;
- № 26 шайлоо округу боюнча талапкер Исеналиев Эркинбек Аскеевичтин бир ишенимдүү адамы;
- № 25 шайлоо округу боюнча талапкер Шабазов Бахридин Валиевичтин 70 ишенимдүү адамы;
- № 21 шайлоо округу боюнча талапкер Арбышев Бейшен Тургунбаевичтин 100 ишенимдүү адамы;
- № 15 шайлоо округу боюнча талапкер Турсунбаев Азизбек Атакозуевичтин 21 ишенимдүү адамы.
КР БШКсы ошондой эле № 8 шайлоо округу боюнча талапкер Семетей кызы Айзиректин ишенимдүү адамы Г.Б. Сактанованын каттоосун жокко чыгарды.
Ишенимдүү адамдарга белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилет.



