Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 21 мекемесинин базасында (тергөө изолятору) аралыктан добуш берүү шайлоо участогу түзүлдү
19 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы КР Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 21 мекемесинин базасында 2025-жылдын 30-ноябрында мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоодо аралыктан добуш берүү үчүн шайлоо участогун түздү.
Мындай чечимди КР БШКсы бүгүн, 19-ноябрда өзүнүн жыйынында кабыл алды.
Бишкек шаарындагы Геология чолок көчөсү, 2а дарегинде жайгашкан бул шайлоо участогу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 21 мекемесинин сунушун эске алуу менен, жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү максатында түзүлдү.
Тиешелүү округдук шайлоо комиссиясына аралыктан добуш берүү боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын курамын түзүп, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 21 мекемеси менен биргеликте шайлоочулар арасында аралыктан добуш берүү боюнча жаңы түзүлгөн шайлоо участогу жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 21 мекемеси шайлоо комиссиясын жайгаштыруу үчүн жайды бөлүп берүүгө, аны үзгүлтүксүз электр энергиясы, байланыш каражаттары, материалдык-техникалык каражаттар менен камсыз кылууга көмөк көрсөтөт.




