Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы шайлоо участкасынын дареги өзгөрдү
18 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 18-ноябрда “Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагынын Ак-Чий айылындагы № 3101 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө” токтом кабыл алды.
Ага ылайык, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагынын Ак-Чий айылында Жеңиш көчөсү, 22А дарегиндеги мурунку айыл өкмөтүнүн имаратында жайгашкан № 3101 шайлоо участогунун дареги Жеңиш көчөсү, 16 дарегинде жайгашкан Ж. Ракымов атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлдү.
Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясына Хан-Теңири айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участогунун дареги өзгөргөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
