Шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузуу боюнча талапкерлер Н.Койчумановага, Ж. Салымбековго жана К.Эргешовго айып пул салынды

17 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө маселени карап, тиешелүү чечимдерди кабыл алды.
Маселени БШКнын кароосуна Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ киргизген.
Натыйжада, үгүт шарттарын бузгандыгы үчүн айып пул № 12 шайлоо округу боюнча талапкер Койчуманова Нуркан Кадыровнага, № 24 шайлоо округу боюнча талапкер Салымбеков Жумабек Мамытбаевичке жана № 24 шайлоо округу боюнча талапкер Эргешов Казыбек Кочкоровичке салынды.
Жумушчу топтун социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүсүнүн натыйжасында, Facebook социалдык тармагындагы № 12 шайлоо округунан талапкер Н.Койчуманованын баракчасында жарыяланган фотоматериалдарга ылайык, талапкердин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы аныкталган.
Ал эми Whatsapp мессенджери аркылуу жөнөтүлгөн фотоматериалдарга ылайык, № 24 шайлоо округунан талапкер Ж.Салымбековдун шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы аныкталган. Ага ылайык, 2025-жылдын 8-ноябрында Ж.Салымбековдун үгүт баннери спорткомплексте илинип турганы маалым болгон.
Ал эми № 24 шайлоо округунан талапкер Эргешов Казыбек Кочкоровичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу материалдар КР БШКга Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн келип түшкөн. Ага ылайык, талапкердин ишенимдүү адамы Н.Жумабеков Whatsapp группасында талапкер К.Эргешов үчүн шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү шарттарын бузган маалымат таратып жаткандыгы аныкталды. Жумушчу топтун жыйынында талапкердин ишенимдүү адамы Н.Жумабеков Ала-Арча айылынын тургундары үчүн Whatsapp группасында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты К.Эргешовдун демилгеси менен Бишкек мэриясы балдар аянтчасын реконструкциялап, жарыктандырып, ошондой эле канализациялык түтүктөрдү төшөгөнү тууралуу маалымат таратканын тастыктады. Анын айтымында, ал шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузуп жатканын билген эмес, кийинчерээк ал группадагы аудио билдирүүнү өчүргөн.
Жумушчу топ талапкерлер Н. Койчумановага, Ж.Салымбековго жана К.Эргешовго карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.
КР БШКсы Жумушчу топтун чечиминин негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65, 451, 455-беренелерине, № 12 шайлоо округу боюнча талапкер Койчуманова Нуркан Кадыровнага жана № 24 шайлоо округу боюнча талапкер Салымбеков Жумабек Мамытбаевичке “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 22-23-беренелерине, ал эми № 24 шайлоо округу боюнча талапкер Эргешов Казыбек Кочкоровичке ушул мыйзамдын 22-беренесине ылайык, административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пул салуу милдетин КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жүктөдү.