КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
14 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тууралуу маселелерди карап, төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алды:
- №25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Шерикулова Минара Анарбековнанын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү: И.Нурмухамедов;
- №8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Мамажакыпова Чынара Жуманазаровнанын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү: Р.Р. Халикова;
- №23 шайлоо округу боюнча талапкер Аскарбеков Мавлян Амангельдиевичтин каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү: А.О.Асанбекова;
- №2 шайлоо округу боюнча талапкер Аманова Бурун Кушбековнанын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Э.А.Айдарованын каттоосун жокко чыгарып, талапкердин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кылып Р.А.Айдаровду каттады;
- №7 шайлоо округу боюнча талапкер Юсупов Замир Байышовичтин каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Д.Чомоевдин каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна Т.У. Калбаеваны каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады;
- №4 шайлоо округу боюнча талапкер Амиралиев Шабданбек Камалдиновичтин каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү З.С.Сагыновдун каттоосун жокко чыгарып, талапкердин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кылып А.С. Султанбекованы каттады;
- №6 шайлоо округу боюнча талапкер Омурзаков Алымбек Замирбековичтин каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.О.Омурзаковдун жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Э.А.Досумбетовдун каттоосун жокко чыгарып, талапкердин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кылып Ж.Ж.Рашовду каттады.
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
