КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого дагы 170 эл аралык байкоочуларды аккредитациялады
12 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 12-ноябрда 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого эл аралык байкоочуларды аккредитациялады.
БШКнын токтому менен эл аралык байкоочулар катары төмөнкү уюмдардын өкүлдөрү аккредитацияланды:
- Болгария Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын;
- Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын;
- Беларусь Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын;
- Египет Араб Республикасынын Улуттук шайлоо комиссиясынын;
- Ислам Кызматташтык Уюмунун;
- Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Элчилигинин;
- Кыргыз Республикасындагы Америка Кошмо Штаттарынын Элчилигинин;
- Кыргыз Республикасындагы Япониянын Элчилигинин;
- Кыргыз Республикасындагы Мажарстандын Элчилигинин;
- Кыргыз Республикасындагы Улуу Британиянын Элчилигинин;
- Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун;
- Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин байкоочулар миссиясынын;
- Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын;
- Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын;
- Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын;
- Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын өкүлдөрү.
КР БШКсы бүгүнкү күнгө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого жалпысынан 297 эл аралык байкоочуларды аккредитациялады.



