КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу бюллетендеринин текстин бекитти
12 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 12-ноябрда 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө маселени карады.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 30 көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоо бюллетенинде талапкерлердин кезектүүлүгүн аныктоо боюнча өткөрүлгөн чүчүкулактын натыйжасы жөнүндөгү протоколдорго ылайык, 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо бюллетендеринин тексти бекитилди.

