Шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары өтүүдө

11 ноября 2025

Округдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте 30 көп мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушууларын уюштурууда.

Жолугушуулар «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, алдын ала бекитилген график боюнча өткөрүлүүдө.

Талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары 2025-жылдын 10-ноябрында башталып, 26-ноябрына чейин уланат.

Талапкерлер жолугушууларда шайлоочуларга өз программаларын тааныштырып, берилген суроолорго жооп беришип, баарлашууда.

10-11-ноябрда жолугушуулар төмөнкү шаар, айылдарда өткөрүлдү:

Баткен облусу боюнча - Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтү, А. Масалиев айыл өкмөтү;

Ош облусу боюнча - Ош шаарынын Жапалак аймактык башкармалыгы, Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтү, Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү, Куршаб айыл өкмөтү, Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айыл өкмөтү, Алайкуу айыл өкмөтү;

Жалал-Абад облусу боюнча - Токтогул районунун Токтогул шаары, Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү, А. Суеркулов айыл өкмөтү, Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтү, Терек-Сай айыл өкмөтү, Ала-Бука районунун Айры-Там айыл өкмөтү, Ынтымак айыл өкмөтү;

Талас облусу боюнча - Талас шаары, Бакай-Ата районунун Биримдик айыл өкмөтү, Күмүштак айыл өкмөтү;

Чүй облусу боюнча - Жайыл районунун Жайыл айыл өкмөтү, Сарыкоо айыл өкмөтү, Талды-Булак айыл өкмөтү, Кара-Балта шаары, Москва районунун Ак-Суу айыл өкмөтү, Төрт-Гүл айыл өкмөтү, Нарзан айыл өкмөтү, Миң-Булак айыл өкмөтү, Кемин районунун Кемин жана Орловка шаарлары;

Ысык-Көл облусу боюнча - Тоң районунун Улахол айыл өкмөтү, Ак-Терек айыл өкмөтү;

Бишкек шаарынын Ленин району, Биринчи май району, Свердлов району.