КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров КМШнын Башкы катчысынын биринчи орун басары, КМШ байкоочуларынын миссиясынын башчысы Игорь Петришенко менен жолукту

10 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 10-ноябрда КМШнын Башкы катчысынын биринчи орун басары, КМШ байкоочуларынын миссиясынын башчысы Игорь Викторович Петришенко менен жолукту.

Жолугушууга КМШнын аткаруу комитетинин өкүлдөрү - миссиянын штабынын башчысы жана кеңешчиси Евгений Козяк, кеңешчиси Олег Кулеба катышты.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү маселелери, шайлоо процессинин уюштуруу жана техникалык жагдайлары, ошондой эле анын ачык-айкындыгын, бардык катышуучуларга тең шарттарды камсыз кылуу чаралары талкууланды.

Игорь Петришенко КМШ байкоочуларынын миссиясынын КР Борбордук шайлоо комиссиясы менен жогорку деңгээлдеги кызматташуусун белгилеп, Кыргызстан менен кызматташтык конструктивдүү жана көп жылдык мүнөзгө ээ экенин баса белгиледи.

Ал миссиянын алкагында өлкөгө болжол менен 150 байкоочу келээрин, алар шайлоонун бардык этаптарында мониторинг жасай тургандыгын билдирди.

Анын айтымында, миссиянын байкоо салуусу мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоо жарыяланган учурдан баштап жүргүзүлүп келет жана миссия мамлекет шайлоочулар үчүн максималдуу шарттарды түзүү менен шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусун жогорулатууга басым жасап жатканын белгилейт.

Тынчтык Шайназаров шайлоого даярдык көрүү боюнча учурдагы жүрүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, бүгүн шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү башталгандыгын билдирди.

Ал шайлоо системасындагы реформалар бардык жарандар үчүн тең шарттарды түзүүгө, анын ичинде чет өлкөлөрдөгү мекендештер үчүн да добуш берүү мүмкүнчүлүгүн арттырууга багытталганын баса белгиледи. Буга байланыштуу БШК төрагасы өлкө аймагынан тышкары добуш берүү үчүн 100 шайлоо участогу уюштурулганын, алардын көпчүлүгү Кыргызстандын жарандары көп жашаган Россия Федерациясында ачылганын маалымдады.

Жолугушуунун соңунда Игорь Петришенкого жана делегация мүчөлөрүнө шайлоо жабдууларынын иши жана алардын иштөөсүнүн техникалык принциптери көрсөтүлдү.