Эки талапкер парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты
10 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 10-ноябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына эки талапкердин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарын карады.
Шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарды төмөнкү талапкерлер беришкен:
- №17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Рыскулбек уулу Нурмат;
- № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Бараканов Руслан Төлөмүшович.
Эки талапкер тең арыздарын БШКга 2025-жылдын 8-ноябрында берген.
КР БШКсы жогоруда аталган талапкерлердин каттоосун жокко чыгарды.
Ошондой эле алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосу да жокко чыгарылды.
