КР БШКсы алты жаранды Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты

07 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-ноябрда алты жаранды Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алды.
Талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун бул жарандарды “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын талаптарына жооп бербейт деген сунушунун жана тиешелүү мамлекеттик органдардын берген маалыматтарынын негизинде, КР БШКсы шайлоо мыйзамдарына ылайык төмөнкү жарандарды каттоодон баш тартты: 
-Алибеков Шерахмад Халилович, № 3 шайлоо округунан, каттоодон баш тартуунун себеби:  соттолгондугу бар, анын ичинде алып салынган же жоюлган; кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган, төмөнкүлөрдү кошпогондо: коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар; Кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар;
-Темирова Танзиля Рустамовна, № 12 шайлоо округунан, каттоодон баш тартуунун себеби:  республиканын аймагында акыркы 5 жылдан кем эмес туруктуу жашагандыгы тууралуу талапка жооп бербейт;
- Рахманова Диляфруз Дилдарбековна, № 5 шайлоо округунан, каттоодон баш тартуунун себеби:  кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган, төмөнкүлөрдү кошпогондо: коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар; Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар;
- Жайчиев Эмиль Аканбекович, № 12 шайлоо округунан, каттоодон баш тартуунун себеби:  республиканын аймагында акыркы 5 жылдан кем эмес туруктуу жашагандыгы тууралуу талапка жооп бербейт;
- Абдибаит уулу Айдарбек, № 4 шайлоо округунан, каттоодон баш тартуунун себеби:  республиканын аймагында акыркы 5 жылдан кем эмес туруктуу жашагандыгы тууралуу талапка жооп бербейт;
- Укуев Абдурахман Осмоналиевич, № 6 шайлоо округунан, каттоодон баш тартуунун себеби:  мыйзамда көрсөтүлөн мөөнөттө талап кылынган шайлоо документтерин толук берген эмес (талапкерди каттоо үчүн документтерди берүү мөөнөтү аяктаганга чейин, 2025-жылдын 2-ноябрынын саат 18.00гө чейин, Борбордук шайлоо комиссиясына жогорку кесиптик билими жөнүндө документтин нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берген эмес).