КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Германиянын Кыргызстандагы Элчиси Моника Ленхард менен жолукту
07 ноября 2025
Бүгүн, 7-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Моника Ленхард менен жолугушту.
Тынчтык Шайназаров 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарынын мөөнөтүнөн мурда өтө турчу шайлоосу жаңы шайлоо системасы боюнча өтөрүн маалымдады. Ага ылайык, өлкө 30 шайлоо округуна бөлүнүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланат. Ошондой эле жыныстык тең салмактуулукту камсыздоо принциби мыйзам деңгээлинде бекитилген.
БШК төрагасы алдыдагы шайлоодо алгачкы жолу аралыктан добуш берүү системасы колдонуларын айтып, анын негизги максаты - жарандар үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү жана шайлоочулардын активдүүлүгүн арттыруу экенин белгиледи.
«Аралыктан добуш берүү, биринчи кезекте, чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерибиз үчүн ыңгайлуу. Эми аларга алдын ала консулдук каттоодон өтүүнүн зарылдыгы жок - добуш берүү күнү шайлоо участогуна келип, паспорту же “Түндүк” системасы аркылуу добуш берсе жетиштүү. Жаңы шайлоо жабдуусу беш функцияны бириктирет, бул мындайча айтканда, “айлампа” жана ашыкча бюллетень салуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат. Бул - өлкөбүздө жүргүзүлүп жаткан шайлоо реформаларынын натыйжасы», - деп баса белгиледи Тынчтык Шайназаров.
Элчи Моника Ленхард парламенттик шайлоого даярдыктын уюштуруучулук жана маалыматтык-техникалык аспектилерине өзгөчө кызыгуу билдирди. Ал талапкерлерди каттоо тартиби, алардын аймактык, этникалык жана жыныстык өкүлчүлүгү, агитаторлордун катышуусу боюнча суроолорго кеңири түшүндүрмө алды.
Ошондой эле Моника Ленхард Германиядан байкоочулар Кыргызстанга ОБСЕ миссияларынын курамында келерин, алардын арасында Бундестагдын депутаттары да болорун билдирди. Мындан тышкары, Германия Элчилигинин кызматкерлери да шайлоо процессине байкоо жүргүзүшөт.
Жолугушуунун соңунда Моника Ленхардга шайлоо жабдуулары көрсөтүлүп, ал анын заманбаптыгы жана ишенимдүүлүгүнө таасирленгенин белгилеп, шайлоонун ийгиликтүү өтүшүн каалады.









