КР БШКсы Рузмахаммад Исабаевди Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты
06 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 6-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу №9 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн Исабаев Рузмахаммад Абибилаевичти каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды.
Р.Исабаев №9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке талапкер кылып өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде шайлоого катышуу ниети жөнүндө арызды 2025-жылдын 23-октябрында КР БШКга тапшырган.
2025-жылдын 6-ноябрында талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун отуруму өткөрүлүп, ага Р.Исабаев онлайн режимде катышты.
Жумушчу топтун отурумунда Р.Исабаев Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлган мыйзамдагы талаптарга ылайык келбестиги аныкталып, Борбордук шайлоо комиссиясына аны талапкер катары каттоодон баш тартуу жөнүндө сунуш киргизилген.
КР Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2025-жылдын 3-ноябрындагы маалымкатына ылайык, Р.Исабаев 2015-жылдан 2019-жылга чейин уюшкан кылмыштуу топко (кылмыштуу коомдоштукка, кылмыштуу уюмга), ошондой эле куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адам катары алдын алуучу, ыкчам-алдын алуучу каттоодо турганы аныкталган.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык, эгерде адам уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка (кылмыштуу уюмга) же куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адам катары алдын алуучу, ыкчам-алдын алуучу каттоодо турса же мурда турган болсо, талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болуп саналат.
Жогорудагыларды эске алуу менен, Жумушчу топтун 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Исабаев Рузмахаммад Абибилаевичти Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндөгү сунушунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин 11-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3, 4 жана 8-беренелерин жетекчиликке алып, КР БШКсы Исабаев Рузмахаммад Абибилаевичти № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты.
