КР БШКсы 34 жаранды Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты

06 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 6-ноябрда өзүнүн жыйынында 34 жаранды Жогорку Кенештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алды.
Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ конституциялык мыйзамда белгиленген мөөнөттө шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастоочу документти бербегендигине жана өзүнүн шайлоо фондун түзбөгөндүгүнө байланыштуу каттоодон баш тартууну сунуштаган.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 61-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 3,4,8-беренелерин жетекчиликке алып, КР БШКсы төмөнкү жарандарды Жогорку Кеңештин депутаты катары каттоодон баш тартты:
- № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Ураимова Бурма Эгембердиевна;
- № 6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Арынбекова Максатай Арынбековна;
- № 6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Джапар кызы Айсулу;
- № 6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Кошматова Айгуль Абдыганиевна;
- № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эрматов Арстанбек Тогузбаевич;
- № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Камчыбеков Алтынбек Камалдинович;
- № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Таиров Шайырбек Азимжанович;
- № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Токтомаматова Нуржан Абдилазизовна;
- № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Саипов Бакытбек Саипович;
- № 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Кимсанов Жеңиш Аманбаевич;
- № 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Темирбаев Максат Нурланбекович;
- № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Аким кызы Күмүшай;
- № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Ташиева Клара Ромашовна;
- № 16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Кенжетаев Куралбек Кавланбекович;
- № 16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Джакыпбеков Шадыкан Мырзаканович;
- № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жумабаев Жылдызбек Кенешбекович;
- № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Беделов Бердибек Бекмаматович;
- № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Болуш Уран;
- № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Алымкулов Колбай Бейшебаевич;
- № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Маратов Арсен Маратович;
- № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Сопуева Нуржан Джунусовна;
- № 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жаныбаев Айбек Султанович;
- № 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Токтакунов Нурбек Акбарович;
- № 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Абдыраманова Алтын Алмазбековна;
- № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Үркүмбаева Эрмек Абдылдабековна;
- № 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жумалиева Гүлмира Танаевна;
- № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Кожобаева Жылдыз Баракбековна;
- № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Апазов Адилет Усенович;
- № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Сейдакматов Мирбек Исаевич;
- № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Мамаев Жолдош Мамаевич;
- № 29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эсентуров Асылмырза Нурбекович;
- № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Чокморов Болотбек Сексенбешович;
- № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бекташова Кишимжан;
- № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Асылбеков Куттубек Бообекович.