КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
06 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 6-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тууралуу маселени карап, төмөндөгүдөй чечим кабыл алды:
-№1 шайлоо округу боюнча талапкер Дыйканов Максатбек Дыйкановичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча К.К. Ибраимов;
-№12 шайлоо округу боюнча талапкер Акбаев Авазбек Абдирахмановичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Т.Б. Бактыбеков;
-№10 шайлоо округу боюнча талапкер Кыдыршаев Дамирбек Эрмекбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Э.Б. Аширбеков жана каржы боюнча Ж.Д. Кулушев;
-№19 шайлоо округу боюнча талапкер Баяманов Эркинбек Мусалиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Э.Г. Садыкова жана каржы боюнча А.К. Доолбекова;
-№2 шайлоо округу боюнча талапкер Аманова Бурун Кушбековнанын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Э.А.Айдарованын каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна А.С. Исманалиеваны каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады;
-№21 шайлоо округу боюнча талапкер Омонова Гульчехра Таабалдиевнанын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү М.Т.Джунусалиевдин каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна А. Максатбек кызын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады;
-№21 шайлоо округу боюнча талапкер Байзаков Ильяс Касымбековичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.А.Догдурбаеванын, каржы боюнча Ж.Р. Шакированын каттоосун жокко чыгарып, алардын ордуна шайлоо боюнча Ж.Р. Шакированы, каржы боюнча А.А. Догдурбаеваны ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады;
-№15 шайлоо округу боюнча талапкер Нышанов Джайлообай Данибаевичтин каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.К.Мамасалиеванын каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна У.Н.Качканаковду каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады;
-№21 шайлоо округу боюнча талапкер Тажибаев Канатбектин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү М.Р.Раимжановдун каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна Б.М. Найманованы шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады.
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
