Дагы тогуз жаран парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты

06 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 6-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн сегиз жарандын жана депутаттыкка катталаган талапкердин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарын карады.
Шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарды төмөнкү жарандар беришкен:
— Нурбаев Бакытбек Токтосунович — №5 шайлоо округу боюнча талапкер, БШКга арызын 2025-жылдын 5-ноябрында тапшырган;
— Джаналиев Кенжебек Бектурович — №17 шайлоо округу боюнча талапкер, БШКга арызын 2025-жылдын 5-ноябрында тапшырган;
— Сапаров Жакшылык Каракойчиевич — №29 шайлоо округу боюнча талапкер, БШКга арызын 2025-жылдын 5-ноябрында тапшырган;
— Умарова Жылдыз Жалалбековна — №15 шайлоо округу боюнча талапкер, БШКга арызын 2025-жылдын 5-ноябрында тапшырган;
— Чолдоев Джалил Калыйжанович — №17 шайлоо округу боюнча талапкер, БШКга арызын 2025-жылдын 5-ноябрында тапшырган;
— Сабыржан уулу Самарбек — №8 шайлоо округу боюнча талапкер, БШКга арызын 2025-жылдын 6-ноябрында тапшырган;
— Мамытов Талант Токтобекович — №22 шайлоо округу боюнча талапкер, БШКга арызын 2025-жылдын 6-ноябрында тапшырган;
— Джоомартова Мадина Аскарбековна — №27 шайлоо округу боюнча талапкер, БШКга арызын 2025-жылдын 6-ноябрында тапшырган;
— Султанов Токтосун Султанович — №23 шайлоо округу боюнча депутаттыкка катталган талапкер, БШКга арызын 2025-жылдын 6-ноябрында тапшырган.
КР БШКсы жогоруда аталган жарандардын арыздарын эске алып, №23 шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер болуп катталган Токтосун Султановдун жана анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосун жокко чыгарды.
Ошондой эле Сабыржан уулу Самарбек менен Мамытов Талант Токтобековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосу жокко чыгарылды.