Эки жаран парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты

05 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 5-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарын карады.

Шайлоого катышуудан баш тартуу арыздарын төмөнкү жарандар беришкен:

-№ 24 шайлоо округу боюнча талапкер Парманкулов Замирбек Култаевич, БШКга арызын 2025-жылдын 5-ноябрында берген;

-№ 25 шайлоо округу боюнча талапкер Керимбаев Азим Белекович, БШКга арызын 2025-жылдын 5-ноябрында берген.

КР БШКсы жогоруда аталган жарандардын арызын эске алып, № 25 шайлоо округу боюнча талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн А.Керимбаевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү К.Т.Алгожоевдин, каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Т.Абдылдаевдин каттоолорун жокко чыгарды.