КР БШКсы С.Курванбаевди Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты

04 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 4-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу №3 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн Курванбаев Суйунбек Бурканидиновичти каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды.

С.Курванбаев №3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке талапкер кылып өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде шайлоого катышуу ниети жөнүндө арызды 2025-жылдын 9-октябрында КР БШКга тапшырган.

2025-жылдын 22-октябрында талапкер катары каттоо үчүн зарыл болгон документтердин толук топтомун кагаз түрүндө тапшырган.

Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ С.Курванбаевди КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестигин аныктап, аны талапкер кылып каттоодон баш тартууну сунуштаган.

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын тиешелүү маалымкатына ылайык, С.Курванбаевдин “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинин 4-бөлүгүнүн талаптарына ылайык келбей тургандыгы аныкталды.

Тагыраак айтканда, С.Курванбаев 2021-жылдын

10-декабрынан 2023-жылдын 2-январына чейин (387 күн), ошондой эле

2025-жылдын 28-январынан 7-августуна чейин (192 күн) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн.

Жумушчу топтун С.Курванбаевдин КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө сунушунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинин 4-бөлүгүн, 61-беренесинин 11-бөлүгүн жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, КР БШКсы Курванбаев Суйунбек Бурканидиновичти № 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты.