КР БШКсы үч жарандын парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу арыздарын карады
04 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 4-ноябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп катталган эки жарандын жана талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн бир жарандын 2025-жылдын 30-ноябрында мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарын карады.
Шайлоого катышуудан баш тартуу арыздарын төмөнкү жарандар беришкен:
-№14 шайлоо округу боюнча талапкер болуп катталган Мамасадыков Замирбек Дуйшалыевич;
-№30 шайлоо округу боюнча талапкер болуп катталган Ашимбаев Сабыркул Абасович;
-№8 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер кылып көрсөткөн Эрматов Арстанбек Тогузбаевич.
КР БШКсы №14 шайлоо округу боюнча талапкер болуп катталган З.Д. Мамасадыковдун жана №30 шайлоо округу боюнча талапкер болуп катталган С.А.Ашимбаевдин каттоосун жокко чыгарды. Ошондой эле аталган жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосу да жокко чыгарылды.
№8 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер кылып көрсөткөн А.Т.Эрматовдун арызы эске алынды.



