КР Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо мыйзамдары жана жарандардын шайлоого катышуусу боюнча окутуу семинарларын улантууда
04 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектеги Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Программалык офисинин колдоосунда «Жарандык платформа» коомдук фонду жана «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси менен кызматташтыкта өлкөнүн аймактарында «ДаткАйым» улуттук кампаниясынын алкагында шайлоочулар үчүн окутуу семинарларын өткөрүүдө.
Буга чейин семинарлар Баткен, Ош жана Манас шаарларында өттү. Катышуучулар - талапкерлер, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, жарандык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү активисттер жана шайлоочулар, негизинен аялдар - шайлоо мыйзамдары жана жарандардын шайлоого катышуусу боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Семинарлар жарандардык активдүүлүктү жогорулатууга, аялдардын, жаштардын жана майыптыгы бар адамдардын коомдук-саясий жашоого катышуусун кеңейтүүгө, ошондой эле жаңы шайлоо мыйзамдары боюнча окутууга багытталган.
Катышуучулар аралыктан добуш берүү, үгүт жүргүзүү, талапкерлердин программаларын жарыялоо жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн чектөөлөрдү сактоо боюнча сунуштарын беришти. Шайлоо фонддорунан каржылоо маселелери боюнча талапкерлерди даярдоого өзгөчө көңүл бурулду.
Шайлоочулардын активдүүлүгүн камсыздоого багытталган аралыктан добуш берүү тууралуу видеороликтердин мазмунун тактоо, үгүт жүргүзүүдө баннерлерди жана LED-экрандарды колдонуу, мамлекеттик жана бюджеттик кызматкерлерди шайлоо кампаниясына катыштырбоо, үгүтчүлөрдүн ишмердүүлүгү, талапкерлердин программаларын жарыялоо, аялдар кеңештеринин жана аксакалдар сотторунун өкүлдөрүнүн катышуусу, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу боюнча мыйзамдык чектөөлөрдү сактоо маселелери талкууланды. Талапкерлерге каржылык суроолор, анын ичинде шайлоо фондунан каржылоо маселелери боюнча тренингдерди өткөрүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.
«ДаткАйым» кампаниясы өлкө аймактарында улантылып, 2030-жылга чейинки улуттук программаларга жана стратегияларга ылайык аялдардын лидерлик сапаттарын жана саясий өкүлчүлүгүн өнүктүрүүгө багытталат.
Борбордук шайлоо комиссиясы катышуучулардан түшкөн бардык сунуштарды шайлоо процессин өркүндөтүү боюнча аткарыла турган иштерде толук эске алат.









