КР БШКсы тогуз жарандын парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарын карады

02 ноября 2025

 
 
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 2-ноябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарын карады.
Шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарын төмөнкү жарандар беришкен:
-Атабекова Ажар Медеровна – №20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Кулмамбетова Гүлжан Тагайболотовна – №20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Мамытова Назгуль Туратбековна – №27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Пусурманов Закирбек Ташматович – №27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Примбаев Кымбатбек Шарабидинович – №8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Шарапов Турсунбай Рахматиллаевич – №8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Ташиев Абдулла Ташиевич – №9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Бузурманкул уулу Жалын – №14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Кадыров Кубанычбек Бекбосунович – №27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер.
КР БШКсы жогоруда аталган жарандардын арызын эске алды.