КР БШКсы Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жөнүндө жобону бекитти
01 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 1-ноябрда, өзүнүн жыйынында шайлоочулардын тизмесин түзүү, жүргүзүү жана эсепке алуу тартибин жөнгө салуу максатында “Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жөнүндө” жобону бекитти.
Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылды:
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 38 “Шайлоочулардын эсебин жүргүзүүнүн бирдиктүү тутуму жөнүндө Жобо тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 25-июлундагы № 140 “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 38 токтому менен бекитилген Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 30-июлундагы № 150 “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 38 токтому менен бекитилген Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 497 “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочулардын тизмеси маселелери боюнча айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 29-августундагы № 664 “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 38 токтому менен бекитилген Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 17-сентябрындагы № 130 “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 38 токтому менен бекитилген Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 1-октябрындагы № 155 “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомунун 4-пункту.
