КР БШКсы № 12 округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
30 октября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында бүгүн, 30-октябрда, № 12 округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралып, тиешелүү чечим кабыл алынды.
Молдалиев Айбек Асанович берген арызына ылайык, комиссиянын курамынан чыгарылды, комиссиянын курамына Сыдыкова Айгүл Мурзабековна киргизилди.
