КР БШКсы шайлоо мыйзамдарын бузууга ыкчам чара көрүү боюнча семинарларды өткөрдү

30 октября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы “Шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна ыкчам чара көрүүдө укук коргоо органдарынын иш-аракеттери” деген аталышта семинарлар сериясын аяктады.
2025-жылдын 21-октябрынан 30-октябрга чейин республика боюнча бардык облустарда өткөрүлгөн семинарлар укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн камтыды. Семинар 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган мөөнөтүнөн мурда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо учурунда Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топтун ишмердүүлүгүнө арналган.
Координациялык топ шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна ыкчам чара көрүү жана жарандарды кабыл алынган чаралар тууралуу кабардар кылуу милдетин аткарат.
Сегиз семинардын алкагында катышуучулар төмөнкү маселелерди талкуулашты: укуктук маалымдуулукту жогорулатуу, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун өзгөчөлүктөрү, Координациялык топтун ишмердүүлүгү, шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик, шайлоо учурунда добуш сатып алууну жана административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууну алдын алуу, ошондой эле шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча даттанууларды сотко чейинки кароо жана териштирүү тартиби.
Катышуучуларга презентациялык материалдар, видеороликтер жана шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурундагы ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу колдонмо түрүндөгү материалдар берилди.
Облустардагы семинарларды графикке ылайык БШКнын мүчөлөрү К.М. Мамбетаипов, А.Н. Кубатбеков, А.К. Жумалиева, У.К. Жылкыбаев жана Н.Ч. Койчукеев өткөрүштү.
Маалымат үчүн: шайлоо мыйзамдарына ылайык, шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда Борбордук шайлоо комиссиясы Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топту түзөт. Топтун негизги милдеттери - шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна ыкчам чара көрүү, жарандарды кабыл алынган чаралар тууралуу кабардар кылуу. Анын курамына КР БШКнын, аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, БШКнын аппаратынын кызматкерлери, прокуратура, ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын өкүлдөрү кирет.