КР БШКсы өзүн-өзү көрсөткөн беш талапкердин парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу арыздарын карады

28 октября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарын карады.

Шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарын төмөнкү жарандар беришкен:

№ 3 шайлоо округу боюнча талапкер Жамалдинов Зиядин Исламович,

№ 19 шайлоо округу боюнча талапкер Кыдыров Акай Имаралиевич;

№ 3 шайлоо округу боюнча талапкер Түмөнов Чынгыз Сүйүнбаевич;

№ 24 шайлоо округу боюнча талапкер Каюмов Зулкайнар Каюмович;

№ 29 шайлоо округу боюнча талапкер Кудайбергенов Борончу Молдокматович.