КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 44 эл аралык байкоочуларды аккредитациялады
28 октября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 28-октябрда 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого эл аралык байкоочуларды аккредитациялады.
БШКнын токтому менен ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун Байкоочулар миссиясынын 44 өкүлдөрү эл аралык байкоочулар катары аккредитацияланды.
