КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
27 октября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 27-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:
- № 10 шайлоо округу боюнча талапкер Аттокуров Азрет Али Акылбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Б.Р. Асанов жана каржы боюнча А.У. Жалилова;
- № 6 шайлоо округу боюнча талапкер Эргешов Бекмурза Аскарбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Н.Д. Жолдошбаев жана каржы боюнча Б.К. Каныбеков;
- № 6 шайлоо округу боюнча талапкер Тогузакова Айжан Абдиганыевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Н.К. Калыков жана каржы боюнча Ч.С. Мамаева;
- № 11 шайлоо округу боюнча талапкер Ташиев Шаирбек Кыдыршаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Б.Б. Беркбаева жана каржы боюнча Д.А. Досиева.
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
