КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына 6 талапкерди каттады
27 октября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 27-октябрда көп мандаттуу шайлоо округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөткөн төмөнкү талапкерлерди каттоо боюнча чечим кабыл алды:
- Усеинова Нургуль Эмилькановна - № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
- Абсаттаров Азамат Асаттулаевич - № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
- Аманова Бурун Кушбековна - № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
- Ормонов Улугбек Зулпукарович - № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
- Садыков Абдисатар Сайталыевич - № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
- Карыбек уулу Улукбек - № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер.
Аталган талапкерлердин шайлоо документтери талапкерлер, саясий партиялар тарабынан сунушталган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келери аныкталган жана аларды каттоо сунушталган.
Катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү ырастама берилет.
