КР БШКнын чет өлкөлөрдө жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына кайрылуусу

27 октября 2025

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чет мамлекеттердеги Кыргыз Республикасынын жарандарын 2025-жылдын 30-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтө тургандыгын маалымдайт.

Бул шайлоодо аралыктан добуш берүү механизми колдонулат, ал жарандарга каттоо дарегине карабастан, учурда кайсы жерде жүргөн болсо, ошол жерден добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берет. Ал эми шайлоо бюллетени шайлоочунун Кыргыз Республикасынын аймагындагы каттоо дарегине туура келген шайлоо округу боюнча берилет.

Эскерте кетсек, чет өлкөдө жүргөн жарандардан добуш берүүгө катышуу үчүн консулдук каттоого туруу талап кылынбайт.

Шайлоочуну идентификациялоо учурунда система анын каттоо маалыматы боюнча шайлоо округун автоматтык түрдө аныктап, тиешелүү бюллетенди берет. Ошентип, ар бир жаран өз шайлоо округунун талапкерине добуш берет. Бул үчүн шайлоочунун Кыргыз Республикасынын аймагында каттоосунун сөзсүз болушу өзгөчө маанилүү.

Эгер сиздин каттоо маалыматыңызда чет мамлекеттин дареги көрсөтүлгөн болсо, же Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу каттоо жок болсо, анда 2025-жылдын 19-ноябрына чейин Сизге жакын жайгашкан Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө кайрылып, каттоо маалыматыңызды тактап же өзгөртүүлөрдү киргизсеңиз болот.

Мындан тышкары, шайлоочулар өз маалыматтарын текшерип, оңдоо киргизе алышат. Бул үчүн tizme.gov.kg расмий сайтындагы «Шайлоочунун кабинети» кызматына кирип, белгиленген тартипте авторизациядан өтүү зарыл. Арызды 2025-жылдын 19-ноябрына чейин (кошо алганда) берүү керек.

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын бардык жарандарын өз маалыматын алдын ала текшерүүгө жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого аралыктан катышуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланууга чакырат.

Чет өлкөдөгү шайлоочулардын тизмеси бул шилтемеде: