КР БШКда КР Президентинин облустардагы өкүлдөрү жана Бишкек менен Ош шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү менен онлайн-кеңешме өттү

27 октября 2025

Бүгүн, 27-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында  Тынчтык Шайназаровдун төрагалыгында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин округдарда шайлоочулар менен жолугушууларын уюштурууга байланыштуу маселелерди кароо боюнча онлайн-кеңешме өттү.

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, алардын орун басарлары, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын вице-мэрлери катышты.

Кеңешменин катышуучулары талапкерлердин калк менен жолугушууларынын графиги менен таанышып, сунушталган план менен макулдугун билдиришип, анын толук аткарылышын камсыздоого даяр экендиктерин белгилешти.

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо учурунда ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, добуш берүү күнү үзгүлтүксүз электр энергиясы жана туруктуу интернет байланышы менен камсыздоону өтүндү.

Ошондой эле ал 30-октябрда республиканын бардык аймактарында кезектеги тесттик добуш берүү өтөрүн эскертип, облустук жана шаардык администрацияларды анын өткөрүлүшүнө активдүү көмөк көрсөтүүгө чакырды.

Маалымат үчүн:

«Кыргыз Республикасынын Президенти жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамдын 25 жана 26-беренелерине ылайык, шайлоо комиссиялары талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушууларын уюштуруп, шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн тең укуктуу шарттарды камсыз кылышы керек. Мыйзамда ошондой эле жолугушууларды өткөрүү графигин макулдашуу, жайларды пайдалануу, коомдук тартипти камсыз кылуу жана жарандарды алдыдагы иш-чаралар тууралуу кабардар кылуу тартиби аныкталган.