КР БШКсы төрт жарандын парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарын карады
27 октября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарын карады.
Шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарын төмөнкү жарандар беришкен :
- № 23 шайлоо округу боюнча талапкер Кыштообаев Кайрат Дарканбаевич, БШКга арызын 2025-жылдын 24-октябрында берген;
- № 10 шайлоо округу боюнча талапкер Заирбек уулу Нурболот, БШКга арызын 2025-жылдын 25-октябрында берген;
- № 26 шайлоо округу боюнча талапкер Жансеитов Тынайбек Каныбекович, БШКга арызын 2025-жылдын 25-октябрында берген;
- № 19 шайлоо округу боюнча талапкер Осмоналиев Кайрат Медербекович, БШКга арызын 2025-жылдын 26-октябрында берген.
КР БШКсы жогоруда аталган жарандардын арызын эске алып, БШКнын 2025-жылдын 15-октябрындагы чечими менен катталган № 26 шайлоо округу боюнча талапкер Т.К. Жансеитовдун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.А.Солтобаевдин, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тынычбек уулу Уландын каттоолорун жокко чыгарды.
