КР БШКсы талапкер Ы. Атажанов тууралуу атайылап жалган маалымат таратылганы тууралуу арызды карады
25 октября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 25-октябрда Ураскулов Эркин Исмаилович аттуу жаран №2 шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Ы.Атажановдун кадыр-баркына жана ар-намысына доо келтирген атайылап жалган маалыматтарды таратып жаткандыгы тууралуу Т.Н. Маталиповдун арызын карады.
Арызда белгиленгендей, Facebook социалдык тармагында Эркин Ураскулов аттуу колдонуучу талапкер Ы. Атажановдун кадыр-баркына жана ар-намысына доо келтирген материалдарды жарыялап, активдүү таратууда.
2025-жылдын 22-октябрында Т.Н. Маталиповдун арызы шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун жыйынында каралды.
Жыйында арыз ээси Т.Н.Маталиповдун, ошондой эле Кадамжай РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү Т.Сейдахматовдун айткандары угулду.
Өзүнүн арызында Т.Н. Маталипов Э.Ураскуловго карата чара көрүлүүсүн суранган. Бирок, тергөөчү Т.Сейдахматов жогорудагы маалыматтар боюнча топтолгон материалдарды карап чыгып, Э.Ураскуловдун аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондуктан, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарган.
Жумушчу топ КР БШКга Э. Ураскуловду депутаттыкка же башка шайлануучу кызмат ордуна талапкер жөнүндө талапкердин ар-намысына же кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды билип туруп жайылтканы үчүн КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартууну сунуштайт.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 47-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, талапкерлер, саясий партиялар тууралуу билип туруп жалган маалыматтарды тараткандар же талапкерлердин аброюна шек келтирген башка аракеттерди жасагандар мыйзамдарга ылайык кылмыш-жаза же башка жоопкерчиликке тартылышат.
Жогоруда көрсөтүлгөндөрдүн негизинде, Жумушчу топтун чечимин эске алуу менен өлкөнүн мыйзамдарын жетекчиликке алып, БШК Э.Ураскуловду КР Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 66-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартуу маселесин карап чыгуу үчүн материалдарды БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жөнөтүү чечимин кабыл алды.
