КР БШК К.Жоошбаевди Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты

23 октября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 22-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу №3 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн Жоошбаев Курманбек Абдиназаровичти каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды.

К.Жоошбаев № 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке талапкер кылып өзүн өзү көрсөтүү тартибинде шайлоого катышуу ниети жөнүндө арызды 2025-жылдын 4-октябрында КР БШКга тапшырып, шайлоого талапкер катары каттоо үчүн документтердин толук топтомун 2025-жылдын 16-октябрында берген.

Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ К.Жоошбаев Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестигин аныктаган жана аны талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө сунуштаган.

Мында, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын тиешелүү маалымкатына ылайык, К.Жоошбаев “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, республиканын аймагында акыркы 5 жылдан кем эмес туруктуу жашагандыгы тууралуу талапка жооп бербей тургандыгы белгиленген.

Тагыраак айтканда, К.Жоошбаев 2022-жылдын 28-февралынан тартып, 2022-жылдын 27-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын аймагында болгон эмес. 2025-жылдын 22-октябрында болуп өткөн Жумушчу топтун отурумунда Жоошбаев Курманбек Абдиназарович онлайн катышып, жогорудагы маалыматты тастыктаган.

№ 3 шайлоо округу боюнча К.Жоошбаевди Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө жумушчу топтун 2025-жылдын 22-октябрындагы корутундусунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинин 4-бөлүгүн жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, КР БШК Жоошбаев Курманбек Абдиназаровичти №3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты.